Кыргызстанда жеңил өнөр жай тармагы Советтер Союзу мезгилинде эле абдан өнүккөн тармак болчу. Ал учурда өзүнчө министрлик болуп, кластердик өндүрүш күч алган. Мындайча айтканда, пахта, жүн, жибектен бери өндүрүп, аны кездемеге айлантып, кийим-кече тигилип, экспортко жөнөтүлчү. Ошол учурда агроөнөр жай комплексинде 300 миңден ашык адам иштеген. Бул тууралуу Сапар Асанов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2000-2019-жылдары Кыргызстанга 267 миң тигүүчү машина алып келинген. Учурда бул тармакта 200 миңдей киши иштейт.
"Союз тарагандан иш токтоду. Жылына асыл тукум койлордон алынган 40 миң тонналык жүндүн ашып кетсе 10 пайызы гана өндүрүлүп калды. Союз учурунда жеңил өнөр жайынын 80 пайызын текстиль тармагы ээлесе, азыр, тескерисинче, тигүү тармагы басымдуулук кылат. 2000-жылдарга чейин СССРге кирген өлкөлөр арасында соода жаатында тоскоолдук жок болчу. Ошол жылдары ЕАЭБ түзүлүп, өлкөдөн чыккан продукция мыйзамдуу экспорттолуп, жеңил өнөр жайы өсө баштады. 2017-жылдан тартып текстиль тармагы да өнүгүү жолуна түштү. Учурда кездеме чыгарган 6-7 ишкана иштеп жатат. Андан тышкары, Кара-Балтада синтетикалык кездеме өндүргөн фабрика курулууда. Буга чейин Кытай, Түркиядан алып келинген кездемелерди иштетип, акыркы 20 жылда ЕАЭБ өлкөлөрү арасында "Made in KG" деген ат менен рынокто өз ордубузду ээлей алдык. Учурда өлкөгө жылына 500 миллион долларлык кездеме алып келинет. Биздин товарлар Түркмөнстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Европага экспорттолот. Бирок биздин эң негизги стратегиялык рынок — ЕАЭБ, анын ичинен Россия. ЕАЭБге киргенге чейин эле экспорттун 80 пайызы Россияга жөнөтүлчү. Суроо-талапка жараша продукция өндүрдүк. Кадр даярдоону да колго алып, дизайнерлер жылына эки ирет Москвадагы эл аралык подиумдарга жиберилип, гран-прилерди алып келишкен. 7-8 жыл бою модельер Вячеслав Зайцевдин иш-чарасына катышып, 4-5 ирет баш байгени эч кимге берген жокпуз. Мурда бардык продукцияны бир жерге чогултуп, бажысын төлөп сыртка жөнөтсөк, ЕАЭБге киргенден кийин ар бир ишкана өзү эле экспорт кылууга жол ачылды. Ошентип, 2021-жылы жеңил өнөр жайы 7,3 миллиард сомдук продукция өндүрдү. Акыркы 15 жылда жеңил өнөр жайы абдан өнүгүп, Кыргызстандын экономикасынын негизи болгон алты тармактын бирине айланды, жүз миңдеген жумуш орду түзүлдү. Жеңил өнөр жайы жүз пайыз экспортко багытталган жалгыз тармак. Бул валютанын кунун кармап турууга салымын кошот", — деди Асанов.
Ал учурда Россия Кыргызстанга өтө чоң көңүл буруп жатканын, жакында кездеме чыгаруу жаатында кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрөрүн кошумчалады.