Эки депутат Райым миллиондун таламын талашып айтыша кетти. Видео

Депутат Райым Матраимов бийликти башкарып калганын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Парламенттин жыйынында эки депутат Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимовдун таламын талашып айтыша кетти.
Алгач эл өкүлү Жеңишбек Токторбаев Сооронбай Жээнбеков бийликте турган үч жылда эч нерсе өзгөрбөгөнүн, соңку эки жылда иниси Асылбек Жээнбеков менен "Райым миллион" башкарганын айтты.
Андан соң Шайлообек Атазов чыгып, кесиптеши туура эмес сүйлөп жатканын билдирди.
"Сооронбай Жээнбеков келгенде Райым миллион иштен кеткен эле. Ал болгону бир бажыда орун басар, полковник болчу. Мамлекетти башкардыбы же башкаруусуна жардам бердиби? Атамбаев менен Жээнбеков бийлик талашып жатып, соцтармакта каралай берип "Дордой", "Кара-Суу" базарларын отургузушту", — деди Атазов.
Жалаа жаппаңыз! Депутат Ташиевди жактап, Бекназаровду сындады