Электрондук тамеки ден соолукту талкалайт. Дарыгерлердин эскертүүсү

Адис вейпти ашыкча чегүү эркектин тестостерон гормонун түшүрүп, уруктун аз чыгышын шарттай турганын билдирди. Ошондой эле аялдарга, бөтөнчө кош бойлууларга зыян.
Sputnik
БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Электрондук тамекини чегүү аллергияны пайда кылып, боор, бөйрөк жана жүрөктүн иштешине терс таасирин тийгизет. Бул тууралуу дарыгерлерге таянып "Известия" жазды.
Эндокринолог Арсений Русановдун айтымында, вейптердин чылымга салыштырмалуу эндокриндик жана жыныс системасына тийгизген таасири толук изилденип бүтө элек. Анткен менен электрондук тамекинин курамына жыпар жыттуу кошулмалар, глицерин, диацетил, никотин, пропиленгликоль жана башка заттар кошулат.
"Андагы айрым заттар мээнин жана жүрөктүн ишин жөнгө салган калкан безинин гормонунун бөлүнүп чыгышына терс таасирин тийгизет", — деди Русанов.
Адис вейпти ашыкча чегүү эркектин тестостерон гормонун түшүрүп, уруктун аз чыгышын шарттай турганын кошумчалады. Ошондой эле аялдарга, бөтөнчө кош бойлууларга зыян.
Дарыгер-терапевт Наталья Просянникова электрондук тамекидеги заттар организмде топтолуп, аллергиялык реакцияларды жаратарын билдирди. Анын айынан боор менен бөйрөктүн иши бузулуп, дем алуу органдары жана борбордук нерв системасы жабыркайт. Ошондой эле чылымга көнүп калууга алып келет.
Мындан сырткары, вейп колдонгондордо баш ооруу, баш айлануу, ачуулануу, агрессиялык маанай, депрессия, ич өтүү, жүрөк айлануу жана эс тутумдун начарлашы байкалат.
Баланын ара төрөлүшүн шарттайт. Кош бойлуу кезде тамеки тартуунун кесепеттери