Эксперт: дүйнөлүк экономика технологиялык революциянын босогосунда турат

Адистин айтымында, жасалма интеллект, кванттык илим жана виртуалдык реалдуулук сыяктуу алдыңкы технологияларды изилдөөдө университеттерде жакшы иштер жасалууда.
Sputnik
БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Дүйнөлүк экономика кезектеги технологиялык революциянын босогосунда турат. Бул тууралуу Интеллектуалдык менчик боюнча дүйнөлүк уюмдун башкы директору Дарен Танг билдирди.
Ал Бишкекте өтүп жаткан ректорлордун дүйнөлүк форумуна онлайн катышып, сөз сүйлөгөн.
"Учурда экономикалык абал туруктуу эмес. Ага карабай дүйнөлүк экономика кезектеги технологиялык революциянын босогосунда турат. Ошол эле учурда санариптик технология менен байланышкан инновациялар акыркы беш жыл ичинде башка патент категорияларына караганда 170 пайызга тез өсүүдө", — деген Танг.
Анын айтымында, жасалма интеллект, кванттык илим жана виртуалдык реалдуулук сыяктуу алдыңкы технологияларды изилдөөдө университеттерде жакшы иштер жасалууда. Танг мындай кыйын кырдаалда революциялык изилдөөлөр көмүскөдө калбай, рынокко чыгып, дүйнө элине таасир этип, жашоосун өзгөрткөнү маанилүү экенин белгилеген.
Жапаров билим берүү тармагына жумшалган каражат канчага көбөйөрүн ачыктады