Энергетика министри Доскул Бекмурзаев кызматтан четтетилди

Эми орун басары Таалайбек Ибраев министрдин милдетин аткарып турат.
Sputnik
БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Энергетика министри Доскул Бекмурзаев ээлеген кызматынан тергөө бүткөнгө чейин четтетилди. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди.
Тиешелүү жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгон.
Ал эми энергетика министри жок болгон мезгилде анын орун басары Таалайбек Ибраев милдетин аткарып турат.
Белгилей кетсек, Башкы прокуратура Доскул Бекмурзаевге эки кылмыш ишин козгогон. Ал эми бүгүн Энергетика министрлигинин кызматкерлери мамлекетке 911 миллион сом зыян келтиргенин кабарлады.
ИИМ: Руслан Бекназаров "Хизбут-Тахрир" уюмуна үндөгөн деп суракка чакырылды