Жалаа жаппаңыз! Депутат Ташиевди жактап, Бекназаровду сындады

Депутат Июнь окуясына Азимбек Бекназаров түздөн-түз күнөөлүү деп эсептейт.
Sputnik
БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев Азимбек Бекназаров "Камчыбек Ташиевге Кыргыз Эл Баатыры наамы туура эмес берилди" деп жалаа жаап жатканын айтты.
"Урматтуу Азимбек аке, сиздин ким экениңизди эл аябай жакшы билет. Сиз кыжалат болбоңуз, ичиңиз күйбөсүн, кара ниет, кара санатайлыктын дагы чеги болот. Камчыбек Ташиевге баатыр наамын эл эчак эле, 12 жыл мурун берип койгон. 2010-жылы Июнь окуясы кандай болгонун, ким качып, ким эл менен жүргөнүн баарыбыз билебиз", — деди Токторбаев.
Аны менен катар депутат Июнь окуясына Азимбек Бекназаров түздөн-түз күнөөлүү деп эсептейт. Анткени убактылуу өкмөттүн төрагасынын орун басары болуп күч түзүмдөрүн жетектеп турган.
Мен үчүн күтүүсүз болду. Ташиев Жапаровго сыйлык үчүн ыраазычылык билдирген видео