Чек ара боюнча жалган маалымат таратуудан этият болгула! УКМК эскертти

Атайын кызмат билдиргендей, жергиликтүү басылмалардын бири Тажикстандын Чек ара кызматынын чындыкка дал келбеген маалыматын жазып чыккан.
Sputnik
БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. УКМК кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча айрым ЖМКлар туура эмес маалыматтарды берип жатканын айтып, журналисттерге кайрылды.
Жергиликтүү басылмалардын бири Тажикстандын Чек ара кызматынын чындыкка дал келбеген маалыматын жазып чыккан.
"Кыргыз журналисттеринин мындай кадамы эки элдин ортосундагы мамилеге жана эки тараптын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгына терс таасирин тийгизип, Кыргызстандын улуттук коопсуздугуна коркунуч жаратышы ыктымал. Ошол себептен ЖМК өкүлдөрү жана ушул сыяктуу маалымат тараткандар өтө этият болушу керек. Мындай туура эмес маалыматтан ар бир адам ар кандай жыйынтык чыгарышы мүмкүн. Биздин мамлекеттин тагдырына, аскер кызматкерлерге жана чек арага жакын жайгашкан аймактардын элинин өмүрүнө мындай маалыматтардын да таасири тийиши мүмкүн", — деп айтылат маалыматта.
УКМК ЖМК өкүлдөрүн жана социалдык тармактын колдонуучуларын жалган маалымат таратпоого чакырды.
Буга чейин Баткендин Булак-Башы аймагындагы кыргыз-тажик чек арасында атышуу болуп, андан кыргыз тараптан эки жоокер жабыркаганы айтылган. УКМКнын Чек ара кызматы билдиргендей, ок атууну Тажикстандын чек арачылары баштаган. Андан кийин коңшу мамлекеттин чек арачылары Баткен районунун Как-Сай аймагында Тажикстандын Чек ара кызматкерлери "Достук" чек ара заставасында турган Кыргызстандын чек арачыларына ок чыгарышкан.
Ташиев: Баткенден ары 1 кг да азык-түлүк өтпөсүн, чек арага тирүү калкан болгула!