Эми кыргыз-тажик чек арасынын башка бөлүгүндө ок атыла баштады

Тажик тарап "Достук" чек ара заставасында турган Кыргызстандын чек арачыларына ок чыгарган.
Sputnik
БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. УКМКнын Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасынын башка аймагында ок атышуу болуп жатканын кабарлады.
Саат 14:00гө карата алынган маалымат боюнча, Баткен районунун Как-Сай аймагында Тажикстандын Чек ара кызматкерлери "Достук" чек ара заставасында турган Кыргызстандын чек арачыларына ок чыгарышкан. Кыргыз тарап да жооп иретинде курал колдонгон. Учурда ок атышуу уланып жатканы айтылды.
Буга чейин чыр Баткендин Булак-Башы аймагындагы чек арада башталган.
Кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан кыргызстандык эки жоокер жаракат алды