"Бишкек жарыктын" жетекчилиги толугу менен иштен бошотулду

Текшерүү бир топ мыйзам бузууларды аныктап чыккан.
Sputnik
БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. "Бишкек жарык" муниципалдык ишканасынын жетекчилиги толугу менен иштен алынганын мэрия кабарлады.
Кызматынан жетекчи Айбек Чодонов, орун басары И. Жолоев жана башкы инженер Ш. Акматов бошотулган. Ишкананын жаңы жетекчиси болуп Нурлан Доулбеков дайындалды.
Мэрия текшерүү учурунда кадр, финансы жана эмгек ишмердүүлүгүнөн одоно мыйзам бузуулар аныкталганын айтты.
Текшерүүнүн жыйынтыгы:
башкы инженер мурунку жетекчи Алимбек Абдылдаев менен объектисинде бийиктиктеги иштерди аткаруу үчүн жең ичинен сүйлөшүүгө барган. 2-27-август аралыгында ишкананын автовышкасы башкы инженердин тапшырмасы менен тийиштүү документтерсиз Чолпон-Атада болгон;
"өлүү жандарга" айлык акы чегерилген, штаттын саны көбөйтүлгөн, кызматка ылайыксыз адамдар дайындалган;
аудит 12 миллион 803,9 миң сомдук алешемдиктерди таап чыккан.
Бишкекте жалбырак, чөп өрттөгөндөргө 23 миң сомго чейин айып салына баштады