15-сентябрга карата аба ырайы

15-сентябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Бейшемби күнү күндүз республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүйдө +23...+28, Талас жергесинде +22...+27, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +28...+33, Ысык-Көлдө +21...+26, Нарында +22...+27 градус болору айтылды.
Бул күнү термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +26...+28, Ош калаасында +31...+33 градусту көрсөтүп турат.
Күндүн табы кайтабы? Бир аптага карата Баткен облусундагы аба ырайы