Азимбек Бекназаровдун акимдин орун басары болуп иштеген баласы кармалды

Руслан Бекназаров июндун ортосунда Бишкектеги райондорго акимдин орун басары болуп дайындалган.
Sputnik
БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Коомдук ишмер, экс-башкы прокурор Азимбек Бекназаровдун баласы Руслан Бекназаров кармалды. Бул тууралуу тартип сактоо органдарынан айтышты.
Алдын ала берилген маалыматтарда, ал учурда ИИМде суракта. Аталган министрлик ал эмне себептен суралып жаткандыгын ачыктай элек.
Руслан Бекназаров Бишкектеги Свердлов районунун акиминин орун басарлыгына 2022-жылдын июнь айында дайындалган.
Теңиз Бөлтүрүк кармалды