Парламентте Акылбек Жапаровду отставкага кетирүү маселеси көтөрүлдү

Эл өкүлү Теңиз Бөлтүрүккө ишенген жетекчи кошо жоопко тартылышы керек деп эсептейт.
Sputnik
БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровду отставкага кетирүүнү сунуштады.
Ал Кумтөрдү башкарган Теңиз Бөлтүрүк мамлекетке 1 миллиард сом зыян келтирди деп айыпталып жатканын айтып, ага ишенген жетекчиси да жооптуу экенин белгиледи.
"Башынан эле Бөлтүрүккө бир топ активист, депутаттар "ишенбейбиз" деп айткан болчу. Ал эми Акылбек Жапаров "жок, таза иштейт" деген. Демек, өзү дагы жоопко тартылышы абзел. Акылбек Үсөнбековичтин ишенген кишиси ушундай уурулук кылса, ээси да жооп бериши керек да. Конституция боюнча өкмөт башчысын отставкага кетирүүгө президентке сунуш бере алабыз. Кетиреби же жокпу өзүнүн укугу. Ушуну талкуулап, бир чечимге келели", — деди Масалиев.
Эл өкүлү Бөлтүрүк башка мамлекеттин жараны экенин эске салып, ал кол койгон келишимдерди дагы карап чыгуу керектигин билдирди. Анда дагы өзүнө пайда табууну көздөшү мүмкүн деп шек санады.
Жалаа жаппаңыз! Депутат Ташиевди жактап, Бекназаровду сындады