БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Кыргызстандын бир катар ЖОЖдору өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө жардам бериши мүмкүн. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстанда башталган ректорлордун дүйнөлүк форумунун ачылышында сүйлөп жатып айтты.
Ал Калифорниядагы Силикон өрөөнү ошол аймактагы ондогон университеттерге, лабораторияларга, илим-изилдөө институттарына мотивация бергенине токтолду. Аймак жогорку технологиялык өндүрүшкө адистешкен илим менен билимдин өрөөнүнө айланды. Стэндфорд университети билим гана бербестен, аны менен катар эле АКШдагы, деле дүйнөдөгү бул багытты аныктай турган аймакты калыптандырды.
"Бишкек менен Чүй облусунда 40тан ашык ЖОЖ бар, аларды бириктирсе эмне үчүн Чүй Силикон өрөөнүнө айланбасын? Буга абдан жакшы мүмкүнчүлүктөр бар, биз дагы жакшы, ыңгайлуу шарт түзүп берүүгө аракет кылабыз", — деген Жапаров.
Ал Кембридж университетинин студенттеринин, окутуучуларынын, профессордук-мугалимдик курамынын стартаптарга негизделген идеялары менен 1 400 фирма ЖОЖдон өзүнчө бөлүнүп чыгып, реалдуу чөйрөдө иштей баштагандыгын эске салды.
"Эгерде биз ушундай кадамдарды таштасак, эртең эле ОшМУ Кембридж сыяктуу болуп, өлкөнүн экономикасында негизги орунду ээлеген миңдеген фирмаларды уясынан учурат... Стартаптар технологиялык уюмдардын жапырт чыгуусуна алып келип, алар биздин экономиканын ар кыл тармактарында инновациялык чечимдерди тереңдетип киргизүүнү шарттай турганына ишенебиз", — деген ал.
Министрлер кабинетинин башчысы Нарын университети да келечектүү экендигин айткан.
"Оксфорд айылы дүйнөгө өзүнүн Оксфорд университети менен таанылды. Оксфорд университети 18 колледжден турган консорциум. Биз Нарын университетин билим берүүнүн оксфорддук борборуна айлантууга умтулуп, активдештиришибиз керек", — деп кошумчалаган ал.
100дөн ашуун өлкөнүн ректорлору катышып жаткан форум эки күнгө созулат.