Абиров: Жалда ачылган бала бакчага башка райондун балдары кабыл алынды

Эл өкүлү биринчи Жалда жашагандарды киргизип, калганын электрондук кезек менен кабыл алууну сунуштады.
Sputnik
БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров Бишкектин Жал кичи районунда беш күн мурун ачылган бала бакчага участоктогу балдар кабыл алынбай жатканына нааразы болду.
Ал жергиликтүү тургундар кайрылып, бакчага башка райондо жашаган балдар киргенин айтып даттангандарын белгиледи.
"Ачылышы болгондо биринчи болуп Жал кичи районундагы балдар алынышы керектигин айтканбыз. Бирок алар нааразы болушууда. Мэрия, акимчилик эч нерсени чече албай жатат. Тиешелүү участоктон эч ким кабыл алынбай калды, башка райондордон бүт баары кирди. 100 орундуу бала бакча болсо 300-400 бала алат. Анан ошончо ата-эне эртең менен кечинде башка райондордон алып келет. Унаа тыгыны жаралат", — деди Абиров.
Мындан улам эл өкүлү биринчи Жалда жашагандарды киргизип, калганын электрондук кезек менен кабыл алууну сунуштады.
Депутат: Сокулукта соцкызматкерлер бала бакчанын имаратын бошотпой жатат