Радио

Алтыбаева: зомбулукту азайтуу үчүн социалдык коопсуздукту күчөтүү зарыл

Жогорку Кеңештин V, VI чакырылышынын депутаты Айнуру Алтыбаева коомдо болуп жаткан сексуалдык зомбулукту азайтуу үчүн комплекстүү, кечиктирилгис чараларды көрүү зарылдыгын айтты.
Sputnik
Сексуалдык зомбулукка жана башка оор кырдаалга кабылгандардын көпчүлүгү, тилекке каршы, эмгек мигранттарынын балдары болуп калууда. Бул тууралуу Айнуру Алтыбаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, көйгөйдөн арылуу үчүн биринчи кезекте аймактарда социалдык коопсуздукту күчөтүү зарыл.
"Ар бир айыл өкмөттө социалдык кызматкерлер болуусу керек, алар эл менен тыгыз иштешүүсү абзел. Эмгек миграциясына кеткен үй-бүлөлөрдүн балдары өзгөчө көзөмөлгө алынуусу шарт. Аларды калтырып кеткен туугандары менен мектепке эле жүгүн артып койбой, биринчи кезекте ошол социалдык кызматкерлер көзөмөлдөп турушу керек. Муну менен катар эле аймактардагы милиция да эмгек миграциясындагы ата-энелердин балдары, ошондой эле миграцияда жүрүп келген балдар менен тыгыз байланышта болушу зарыл. Күч органдарынын өкүлдөрүнө ушундай окуялар болгондо ыкчам аракет жасоо, ал эми балдарга өзүн-өзү коргоо боюнча окутуулар өткөрүлүп турушу керек. Айтор, көйгөйдү чечүүдө мамлекет тарабынан олуттуу, комплекстүү иштер кечиктирилбей жасалышы мезгил талабы болуп турат", — деди Алтыбаева.
Ал социалдык колдоо үчүн өкмөт каражатты аябашы керектигин кошумчалады.