БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Коргоо министри Бактыбек Бекболотов аскер кызматын өтөп жаткан жоокер сүйлөшкөн кызына өчөшүп өзүн-өзү атып салганын айтты.
Ал бүгүн парламентте Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин жыйынына чакырылган.
"Бир жоокер (аскерге кетип жатканда — ред.) сүйлөшкөн кызга шакегин берип кетет. Ошол кызы шакегин кайра берип (жоокерге — ред.) жиберет. Анан ал шакекти бордюрга коюп туруп атынып өлүп атат. Ошого Коргоо министрлиги күнөөлүүбү?" — деди Бекболотов.
Депутат Эмил Токтошев каза болгон аскердин ата-энеси эки-үч күн мурда баласы чалып андан акча доолаганы туурасында айтканын белгиледи.
Ал эми комитет төрагасы Сүйүн Өмүрзаков ата-эне баласын ага ишенип тапшырып бергенин, андыктан догурунбай жооп беришин талап кылды.
"Мисалы, үйүмө конок келсе кеткенге чейин ага мен жооп берем. Ал жаш бала, ата-энеси мекенге кызмат кылсын деп сиздин колуңузга өткөрүп берди. Сөзүңүздү талдап анан жооп берсеңиз. Жоокердин үйүндө, кызы менен кандай көйгөй болуп жатканын карай турган силерде кызмат бар да. Кыргызстанда мындай жүздөгөн окуялар бар. Ойлонуп туруп сүйлөңүз", — деди Өмүрзаков.
Белгилей кетсек, 4-июлда Кой-Таштагы аскер бөлүктө кызмат өтөп жаткан жоокер өзүн-өзү атып каза болгон.