Түркияда кыздарды сойкулук кылууга мажбурлаган шектүү Кыргызстандан кармалды

Шектүү тергөө башталган учурда из жашырып качып кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Түркияда кыздарды сойкулук кылууга мажбурлаган шектүү Кыргызстандан кармалганын ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
10-сентябрда саат 23:10 чамасында Интерпол улуттук борбордук бюросунун кызматкерлери менен УКМКнын чек арачылары "Ак жол" көзөмөл-өткөрүү пунктунан Кыргызстандын чек арасын кесип өтүүгө аракет кылган адамды колго түшүргөн. Ал Интерпол тарабынан издөөдө жүргөн Түркиянын жараны Б.Э. экени аныкталган.
"Түрк тараптын маалыматы боюнча, кармалган жаран өз үйүндө интимдик кызмат көрсөтүү үчүн сойкукана уюштуруп, жашы жете элек алты кызды сойкулук менен алектенүүгө мажбурлаган жана эркектерге интимдик кызмат көрсөткөндүгү үчүн берген акчаларын алып жүргөн. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталган учурда Б.Э. из жашырып, Түркиядан качып кеткен", — деп айтылат маалыматта.
Шектүүнүн Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматына өткөрүлүп берилгени кошумчаланды.
Токмокто сойкуканага айланган сауналар табылып, 13 аял кармалды