Аскердик продукцияны РФтен Кыргызстанга мыйзамсыз ташып турган шектүү аныкталды

Ишкананын директору аскердик продукцияны үчүнчү жактарга берүү үчүн ыйгарым укуктуу органдардан тиешелүү уруксат кагаздарын алуу зарыл экенин билген.
Sputnik
БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Россиянын Волгоград облусунда аскердик техниканы жасоо үчүн колдонулган тетиктер Кыргызстанга аткезчилик жол менен ташылып турганы аныкталды. Бул тууралуу Астрахань бажысынын маалымат кызматы кабарлады.
1 / 4

Россиянын Волгоград облусунда аскердик техниканы жасоо үчүн колдонулган тетиктер Кыргызстанга аткезчилик жол менен ташылып турганы аныкталды

2 / 4

Коргонуу багытындагы продукцияларды чыгарган заводдорунун биринин директорунун орун басары 2016-жылдан бери аскердик техниканы жасоодо колдонулган товарларды (кварц резонатору) Россиядан Кыргызстанга ташууну уюштуруп турган

3 / 4

Бул убакыт аралыгында жетекчи мындай тетиктен 200гө чукулун эл аралык почта аркылуу чыгарып кетүүгө жетишкен

4 / 4

Шектүүгө кылмыш иши козголду. Ал 1 миллион рубль айып пул төлөп, аны менен катар 12 жылга эркинен ажыратылышы ыктымал.

Коргонуу багытындагы продукцияларды чыгарган заводдорунун биринин директорунун орун басары 2016-жылдан бери аскердик техниканы жасоодо колдонулган товарларды (кварц резонатору) Россиядан Кыргызстанга ташууну уюштуруп турган. Бул убакыт аралыгында жетекчи мындай тетиктен 200гө чукулун эл аралык почта аркылуу чыгарып кетүүгө жетишкен.
"Ишкананын директору аскердик продукцияны үчүнчү жактарга берүү үчүн ыйгарым укуктуу органдардан тиешелүү уруксат кагаздарын алуу зарыл экенин билген", — деп айтылат маалыматта.
Шектүүгө кылмыш иши козголду. Ал 1 миллион рубль айып пул төлөп, аны менен катар 12 жылга эркинен ажыратылышы ыктымал.
Чаткал: алтынды мыйзамсыз саткан делип төрт кызматкер кармалды