Рим папасы Казакстанга келди, аны Токаев тосуп алды. Видео

Рим папасы дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин съездине катышары маалым болду.
Sputnik
БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Казакстандын борборуна мамлекеттик сапар менен Рим понтифиги Франциск барганын Sputnik Казакстан жазды.
Жогорку даражадагы сыйлуу конокту өлкө башчысы Касым-Жомарт Токаев тосуп алган.
Жолугушуу аземинде мамлекет башчылары делегацияларынын мүчөлөрүн тааныштырып, андан соң президенттик терминалдын залында баарлашкан. Жолугушуу аяктаган соң сыйлуу коноктун кортежи Акордо сарайы көздөй жөнөгөн.
Рим папасы дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин съездине катышары маалым болду.
"Борборду кайра Астана деп атайлы". Казакстандагы депутаттардын демилгеси