Депутат Таштанбеков: кыска юбка кийген кыздар педофилдердин көзүн кызартууда. Видео

Депутат аймактык тескөөчүлөр жума сайын мектептерге барып алдын алуу иштерин жүргүзүшү керек деп эсептейт.
Sputnik
БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Окуучу кыздар өтө эле кыска юбка кийип педофилдердин көзүн кызартууда. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Акбөкөн Таштанбеков комитеттин жыйынында билдирди.
Учурда Кадамжайда секелек кыздын зордукталып өлтүрүлүшү боюнча укук коргоо органдары маалымат берип жатат.
"Кечээ, баягы күнү баратып... Кээ бир окуучу кыздар өтө эле кыска юбка кийип турат. Менин оюмча, ушундай кыздар көзүн кызартып жатат да. Жөнөкөй адам өтүп баратса аны байкабайт, педофилге окшогондор байкап артынан түшүп жатпайбы. Милициянын аймактык тескөөчүлөрү бир жумада бир мектепке барып, кыска юбкадан баштап ким эмне кылып жатканына көз салып келсе. Чоочун машинага отурбагандай болушу керек", — деди Таштанбеков.
Ошондой эле ал көйгөйдү чечүү үчүн ата-эне, мугалим жана жалпы коомчулук биргеликте күрөшүшү керектигин айтты.
Элдешпейт, компенсация 10 эсе көбөйөт. Зордукчунун жазасын оорлоткон мыйзам долбоору