5 мүнөттөн ашык жуунбагыла. Нидерланддарга кирген жаңы эреже

Кырдаалдан улам провинциялардын биринин бийлиги калкты үнөмдүүлүккө чакырып, жергиликтүү жашоочуларга таймерлерди таратып да берген.
Sputnik
БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Нидерланд бийлиги жаратылыш газын үнөмдөш үчүн жарандарды душта беш мүнөттөн ашык жуунбоого чакырууда. Бул туурасында The Wall Street Journal басылмасы билдирген.
Өкмөт өлкөдө бул жаңы эрежени сактоого чакырган жаңы кампанияны баштаган. Макалада үнөмдөө темасын улай Карл Женераал менен анын жигити жана бир нече жаран туурасында жазылган. Ал, Женераал айткандай, душка 15 мүнөт эмес, 1,5 мүнөт гана түшүш керек деген пикири менен бөлүшкөн. Бул үчүн атайын беш мүнөттүк убакытка ченелген кум саат сатып алганын да билдирген.
"Азыр беш мүнөт гана жуунам, ал эми ваннага айына бир ирет түшөм", — деген сөзгө аралашкан нидерланддык кыз. Ал электр энергиясынын кымбат экендигине нааразы болгондугун жашырган эмес.
Кырдаалдан улам өлкөдөгү провинциялардын биринин бийлиги калкты үнөмдүүлүккө чакырып, жергиликтүү жашоочуларга таймерлерди таратып да берген.
Амстердамдык музыка тармагындагы журналист Тея Деркс ар дайым электр кубатын үнөмдөөгө аракет кылып келгенин айткан. Ал бир жумасына бир ирет беш мүнөттөн гана жуунарын билдирген.
Макалада бардык нидерланддыктар жаңы чектөөлөргө моюн сунуп жатканы айтылган. Амстердамдык 25 жаштагы кыз журналистке ата-энеси менен калганда "нааразылыгын" чыгарып аларын жана таймерди эки ирет алмаштырып 12 мүнөт жуунарын айткан.
ЖМК: кризистен улам эми Эйфель мунарасынын жарыгы эрте өчүрүлө баштайт