Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

МАГАТЭ эмнени айтпай жатат. Видео

МАГАТЭ Запорожьедеги сапарынан соң станцияны аткылоо боюнча таянып жыйынтык чыгарууга болбой турган толук эмес доклад даярдады. Документте АЭС кайсы тараптан аткылоого алынганы жазылган эмес.
Sputnik
Чындыгында Запорожье атомдук электр станциясында эмне болуп жатат?
Украинадагы атайын операция башталгандан тарта аталган АЭС Россиянын көзөмөлүнө өтүп, ишин штаттык тартипте улантты. Бул боюнча МАГАТЭге да кабарланган. Марттын башында электр станциянын аймагында украин диверсиясын алдын алышкан. 12-июлда Украина Куралдуу күчтөрү пилотсуз учкан техникалардын жардамы менен ЗАЭСтин айланасындагы имараттарды аткылашкан. Сегиз күндөн кийин украиналык камикадзе-дрондор электр станциясын аткылоого алган. ЗАЭСте иштегендердин арасынан биринчи курмандыктар болгон. 5-августта Украина бул объектилерди артиллерия жана РСЗО менен аткылай баштаган. Дал ушул күндөн тарта электр станциясын тынымсыз аткылап келишет.
Бул мезгилге чейин Украина аткылоого Россияны күнөөлөп келе жатат. 2022-жылдын 1-сентябрында ЗАЭСке МАГАТЭнин миссиясы келген. Бул учурда Украина станцияны аткылоосун улантты. 6-сентябрда МАГАТЭ Украинадагы өзөктүк коопсуздукка арналган толук эмес докладын жарыялады. ЗАЭСтин кайсы тараптан аткыланып жатканын докладда айтышкан жок. Аткылоолор боюнча бардык маалыматтар Украинанын билдирүүлөрүнүн шилтемеси менен жайгаштырылган. Докладды окуп, ЗАЭСти ким аткылап жатканы боюнча жыйынтык чыгарууга мүмкүн эмес. Бул кырдаал туурасында биздин видеодон көрсөңүз болот.