Кардиолог холестеринди түшүрүүнүн беш жолун атады

Дарыгердин айтымында, холестеринди азайтам деп катаал диетага отуруунун кажети жок.
Sputnik
БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Дарыгер-кардиолог Элизабет Клодас холестеринди түшүрүүнүн беш жолун атаганын Р-Спорт жазды.
Адистин айтымында, холестеринди азайтам деп катаал диетага отуруунун кажети жок. Күнүмдүк рационго эле өзгөртүү киргизип, ден соолукка пайдалуу азыктарды жеш керек.
Андай азыктардын бири — сулу. Клетчаткага бай бул азык тамак сиңирүү системасынын ишин жакшыртып, холестеринди түшүрүүгө көмөктөшөт. Изилдөөгө ылайык, күнүнө 10 грамм клетчатканы пайдалануу жүрөк талмасын 14 пайызга төмөндөтөт.
Холестеринди азайтууга бадам да жардам берет. Анын ордуна токой жаңгагы (фундук), грек жаңгагы, мисте жесе болот.
Омега-3 пайдалуу майларына бай чианын уругу жүрөк-кан тамыр ооруларынын өрчүп кетүү тобокелдигин 16 пайызга азайтат. Алар "жаман" холестеринди азайтып, "жакшы" холестериндин деңгээлин көтөргөнгө жардам берет.
Ошондой эле жашылчаларды көп пайдалануу тамырларга жана холестеринге оң таасирин тийгизет. Адистер бөтөнчө брокколи, шпинат жана жалбырактуу капустаны жегенге кеңеш берди.
Дарбыздын курамындагы ликопин заты да кандын курамындагы холестериндин деңгээлине таасир эте алат. Дарбыз болбосо алма, жүзүм, кулпунай, цитрус өсүмдүктөрү жана авокадо көмөктөшөт.
Таманыңды кара! Боор циррозунун көп билинбеген белгилери аталды