Энергетика министри Доскул Бекмурзаевге эки кылмыш иши козголду

Министрдин мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтиргени айтылууда.
Sputnik
БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Энергетика министри Доскул Бекмурзаевге кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча эки кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, Бекмурзаев 2021-2022-жылдары кызматынан пайдаланып тийиштүү тармакта адис эмес кызматкерлерди мамлекеттик бюджеттин эсебинен Бириккен Араб Эмирлигине, Түркияга, Өзбекстанга жана Россияга кызматтык иш сапарларга негизсиз жөнөтүп, мамлекетке олутуу материалдык зыян келтирген.
Мындан тышкары, министр "Теплые ключи" ден соолукту чыңдоо комплексинин объектилерин капиталдык оңдоодо "Б." аттуу ЖЧКны 15 миллион сомдон ашык чыгымга учураткан.
Бекмурзаевдин кылмыштуу аракеттеринен улам мамлекетке жана жеке жактарга ири өлчөмдө зыян келтирилгени кошумчаланды.
Туйгунаалы Абдраимов мүлкүн жана 15 млн. сом кайтарып берип үй камагына чыкты