Sputnik Кыргызстандын кабарчысы Эламан Карымшаков эл өкүлдөрүнөн эмнеден улам маянасын көбөйтүүнү чечишкенин сурады.
Кээ бирлери мындан такыр кабары жоктугун айтса, айрымдары чынында эле муктаждык жаралганын билдирди. Улугбек Ормонов VI чакырылышта бир партиянын популисттик демилгесинен улам депутаттар көптөгөн артыкчылыктардан айрылган деген пикирин айтты. Чынында региондорго барып шайлоочулар менен жолугууга фонддогу акча жетпейт деп эсептейт.
Белгилей кетсек, өткөн шаршемби күнү депутаттар кызматтык колдонуудагы купуя документтер келип түшкөнүн айтып, жабык эшик артында жыйын өткөргөн болчу. Аталган маселелер ошондо каралып, регламентке киргизүү боюнча токтом кабыл алынганы айтылды.
Буга чейин ЖК төрагасы 30 миң, орун басарлары 27 миң, фракция лидерлери менен тармактык комитеттин төрагалары 26 миң, депутаттар 25 миң сом маяна (оклад) алып келген. Иш тажрыйбасына, класстык чинине карап дагы кошумча төлөнөт. Өткөн жылдын 2-декабрында президент Садыр Жапаров эл өкүлдөрүнүн маянасын кыскартуу боюнча жарлык чыгарганы маалымдалган. Кийинчерээк 500 сомго гана азайган.
Тема боюнча: