Радио

Букуев: Бишкекте өткөн КР — КМШ ардагерлер беттеши алаканы бекемдейт

Кыргыз футбол союзунун башкы катчысы Нурдин Букуев КМШ өлкөлөрүнөн келген футбол ардагерлери жаштарга үлгү көрсөтүшкөнүн айтты.
Sputnik
Бишкекте өткөн Кыргызстандын жана КМШ өлкөлөрүнүн ардагер футболчуларынын беттеши мамлекеттер ортосунда достукту бекемдөө, мамилени кеңейтүү максатында уюштурулган. Бул тууралуу Нурдин Букуев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, КМШ өлкөлөрү менен мурдатан келе жаткан кызматташтыкты жаңыртып, экономикалык, саясий, социалдык жактан гана эмес, спорт аркылуу да жаңы деңгээлге чыгуу жолу болду.
"Бишкекте өткөн Кыргызстандын жана КМШ өлкөлөрүнүн ардагер футболчуларынын беттеши мамлекеттер ортосунда достукту бекемдөө, мамилелерди кеңейтүү максатында өткөрүлгөн. Ал эми бул достук оюну болгондуктан эч кандай байге коюлуп же сыйлык берилген жок. Биз футбол аркылуу достук көпүрөлөрүн курса боло турганына ынандык. Анткени КМШ өлкөлөрү менен мурдатан келе жаткан кызматташтыкты жаңыртып, экономикалык, саясий, социалдык жактан гана эмес, спорт аркылуу жаңы деңгээлге чыгуу жолу болду. Убагында жылдызы жанып, көптөгөн күйөрмандарды кубантып келген ардагерлер кайрадан оюн талаасына чыгып футбол сүйүүчүлөрүнө майрам тартуулай алышты", — деди Букуев.
Ошондой эле адис Бишкекте Кыргызстан менен Россиянын футбол боюнча курама командаларынын жолдоштук беттеши өтөрү пландалып жатканын кошумчалады.