Радио

Жекшенов: ушул жылдын сегиз айында Бишкекте 6 823 жумушсуз адам катталды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Талант Жекшенов мекеме 20дай кесиптик лицей менен кызматташарын айтты.
Sputnik
Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы жарандарга иш таап берүү максатында JIA бизнес-ассоциациясы менен кызматташат. Ал бирикмеге миңден ашык иш берүүчү кирет. Биз алар менен сүйлөшүп, жетишсиз кадрларды даярдап берүүгө аракет кылабыз. Бул тууралуу Талант Жекшенов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, акы төлөнүүчү иш-чараларга 665 адам жөнөтүлсө, ал эми учурда 90 жаран жумушсуздук жөлөк пулун алат.
"2022-жылдын сегиз айынын жыйынтыгы боюнча Бишкекте 6 823 жумушсуз адам катталды. Бул жарандардын арасынан жумуш менен камсыз кылуу максатында 1 395 адам окуудан жана кайра окутуудан өткөрүлдү. Анын ичинен 1 335 адам окуусун ийгиликтүү аяктап, 867си жумуш менен камсыздалды. Окутуп гана тим болбостон, аларды дароо жумуш менен камсыздоо — биздин башкы максат. Ошондуктан алгач окуу жайлар арасында курстар боюнча тендер өткөрүп жатканда алардын окутуу базасын, иш берүүчүлөр менен байланыштарын карайбыз. Биз үчүн адамдар теориядан тышкары практикалык окуудан да өтүшү маанилүү. Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы эмгек рыногун анализдеп, кайсы кесипке суроо-талап жогору болсо ошол тармактагы курстарды уюштурат. Акыркы учурда сулуулук индустриясындагы мастерлерге (каш, тырмак жасаган мастер, чачтарач, укалоочу) муктаждык жаралып жатат. Андан тышкары, жарандар айдоочулук, бухгалтер, косметолог жана IT курстарында окушту", — деди Жекшенов.
Ал Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы "Жаштар практикасы" пилоттук инструментин киргизип, окуусун жаңы аяктаган жаштарды иш тажрыйба топтоо үчүн стажировкага жөнөтүп, ай сайын 1800 сом төлөп беришкенин кошумчалады.