Ысык-Көлдө жол кырсыктан 5 адам каза болуп, төртөө ооруканада жатат

Кырсыктын кесепетинен 12 жаштагы тестиер, бир жашар наристе кыз да мертинген.
Sputnik
БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Түп районунда жол кырсыгы катталып, беш адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
11-сентябрь күнү Балыкчы — Ананьево — Каракол жолунун 196-чакырымында Volkswagen Passat, Honda Accord жана Subaru автоунаалары кагышкан. Анын кесепетинен 42, 30 жана 28 жаштагы эркек кишилер мүрт кеткен. Мындан сырткары, 12 жаштагы тестиер, бир жашар наристе кыз мертинген.
Ал эми 36 жана 30 жаштагы эркек кишилер, 39 жаштагы аял, беш жашар кыз Тез жардам кызматы аркылуу Түп райондук ооруканасына жеткирилип, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
Жерине үч куткаруучу тартылып, унаада кыпчылып калган эки адамдын сөөгүн чыгарып милиция кызматкерлерине өткөрүп берген.