Улуттук гвардиянын эки кызматкери кыз зордуктоого шектелип жатат

Ишти Аскер прокуратурасы тергеп жатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Бишкекте Улуттук гвардиянын зордуктоого шектелген эки кызматкери кармалды. Бул туурасында Башкы прокуратуранын маалыматы кызматынан кабарлашты.
Ишти Аскер прокуратурасы тергеп жатат. Бул кылмыш боюнча тартип коргоо органдарына 5-сентябрда кайрылышкан.
Арыз жазган кыз милицияга ал түнү Сыдыков менен Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде автоунаанын арткы орундугунан белгисиз кишилер зордуктагандыгын билдирген.
Шектүүлөр Бишкек гарнизонунун убактылуу кармоо жайына киргизилген. Маалыматта алардын Бишкек райондук сотуна жеткирилип, ал жерден баш коргоо чарасы каралары айтылган.
Акыйкатчы: милиция зордукталган кыздарды "кыска юбка кийгенсиң" деп шылдыңдайт