Елизавета II көз жумгандан кийин небереси Уильям менен Кейт миллиардер болушту

Жаңы титулга ээ болгон жубайлардын байлыгы 1,1 миллиард фунт стерлингге бааланган.
Sputnik
БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Ханыша Елизавета II көз жумуп, ханзаада Уильямдын бүлөсү миллиардер болду. Бул тууралуу РИА Новости Daily Star басылмасына таянып кабарлады.
Маалым болгондой, ханышанын өлүмүнөн кийин Уильям Кембридж жана Корнуэльск герцогу аталса, Кейт герцогиня титулуна ээ болгон. Жума күнү, 9-сентябрда, Улуу Британиянын жаңы падышасы Карл III уулу Уильямга Уэльс ханзаадасы титулун тапшырып, мындан улам келини Кейт Уэльс ханышасы болуп калды. Белгилей кетсек, бул титулду акыркы жолу Уильямдын апасы, ханыша Диана колдонгон.
Басылманын маалыматына караганда, жаңы титулдарды алган соң жубайлардын байлыгы 1,1 миллиард фунт стерлингге бааланган. Корнуэль герцогу жана герцогинясы титулдарынын берилиши Уильям менен Кейтке ири көлөмдө жер, токой, дарыя жана активдер өтөрүн түшүндүрөт.
Азыркы тапта жубайлар Англия менен Уэльстеги 20дай округда 128 000 акр жерге ээлик кылышат.
Эске салсак, Елизавета II 8-сентябрда 96 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Ал тактыга 1952-жылы отуруп, Улуу Британияны эң узак башкарган монарх болуп калды.
Жаңы падыша жаңы премьерди кабыл алды. Букингем сарайы жарыялаган видео