Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Өрттөнүп, талкаланып... РФ Коргоо министрлигинин Николаевден тартылган видеосу

Кадрлардан өрттөнүп темирлери гана калган согуштук техникаларды көрүүгө болот.
Sputnik
БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Россиянын Коргоо министрлиги Николаев-Кривой Рог багытында Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн чабуулунун мизин кайтарууда жок кылынган жана колго түшүрүлгөн техникалардын видеосун жарыялады.
Аны РИА Новости өзүнүн Telegram каналына койду.
Кадрлардан өрттөнүп темирлери гана калган согуштук техникаларды көрүүгө болот.
"Душмандар негизги күчүн бул багытка салган. Касташкан тарап чекке жеткенде токтотулду. Эрдик көрсөткөндөр арбын болду. Аба-десант аскерлеринин ичинен бир да жоокер позицияны калтырган жок. Бардыгы согуштук милдетин аткарды. Душмандар бул багытта көздөгөн максатына жеткен жок. Алар адам ресурстарынын көбүн жоготту, саны жүздөп саналат, бир канча согуштук техникаларынан ажырады", — деп айтып берген десанттык-штурм полкунун командири Алексей.
Коргоо министрлиги 6-10-сентябрь ичинде Украинанын Куралдуу күчтөрү Николаев-Кривой Рог жана Харьков багытында төрт миңден ашуун жоокерин жоготуп, сегиз миңге чукулу жарадар болгон.
Россия Украинадагы атайын операциясын 2022-жылдын 24-февралында баштаган. Президент Владимир Путин "ал Киев режими тарабынан сегиз жыл бою кордолуп-мазакталып, геноцидге кабылгандарды коргоо максатын көздөйт" деген.
Президенттин айтымында, операциянын түпкү максаты — Донбассты бошотуу жана Россиянын өзүнүн коопсуздугуна кепилдик берген шарттарды түзүү.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Мамдума депутаты украин армиясына кайрылып сюрприз болорун эскертти