Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Мамдума депутаты украин армиясына кайрылып сюрприз болорун эскертти

Кадыровдун айтымында, Делимханов Украина жана ДЭРдин аймагында атайын операциянын тапшырмаларын аткарууга киришти.
Sputnik
БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Мамдума депутаты Адам Делимханов Россиянын Куралдуу күчтөрү жүргүзүп жаткан атайын операция талаасына кайтты. Бул тууралуу Чечен Республикасынын башчысы Рамзан Кадыров Telegram каналы аркылуу билдирди.
Кадыров Делимханов баштаган жоокерлерден жакшы жаңылык күтүүгө чакырган.
"Россиянын баатыры, Мамдуманын депутаты Адам Делимханов Чечен Республикасынын бөлүктөрү менен Украина жана ДЭРдин аймагында атайын операциянын тапшырмаларын аткарууга киришти. Буга чейин дайыма "жакшы жаңылык күткүлө" деп айтчумун. Менин сөздөрүмөн кийин чындап эле жакшы жаңылык болчу. Мына азыр дагы жоокерлерден жакшы жыйынтык күткүлө", — деп жазган Кадыров.
Ал Делимхановдун видеосун да жарыялаган. Анда Мамдума депутаты украин армиясына сюрприз болорун эскерткен.
"Фашист, сатанист, шайтандар бир нече шаар, айылдарга кирип барып, басып алган. Биз аларга көрсөтөбүз. Силер качып кутула албагандай кылабыз, ошондуктан сюрприз күткүлө. Бул ирет силерди биздин жоокерлер жок кылгандай ыңгайлуу жерден күтмөкчүбүз. Андан кийин Украинаны бошотобуз", — деген депутат.
Рамзан Кадыров бийликтен кетем деген оюнан кайтып, себебин түшүндүрдү