Быйыл Кыргызстанга чет өлкөдөн түшкөн инвестициянын агымы эки эсе көбөйдү

Өлкөдөн чыгарылып кеткен түз инвестициялардын көлөмү дагы азайган.
Sputnik
БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын январь-июнунда былтыркы жылдын алты айына салыштырмалуу чет өлкөлүк түз инвестициялардын келип түшүү агымы эки эсе көбөйүп 628 миллион долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Инвестициялардын негизги көлөмү (94 пайызы) өндүрүш ишканаларына, пайдалуу кендерди казууга, финансылык ортомчулукка, камсыздандыруу чөйрөсүнө, дүң жана чекене соодага, ошондой эле маалымат, байланыштарга багытталган.
Келип түшкөн каражаттын агымы Канададан 55,7 эсеге, Люксембургдан 55,1 эсеге, Россиядан 3,7 эсеге, Япониядан 2,8 эсеге, Швейцариядан 2,3 эсеге, Кипрден 1,9 эсеге ал эми Кытайдан 26,6 пайызга өскөн.
Ошол эле учурда өлкөдөн чыгарылып кеткен түз инвестициялардын көлөмү 483,3 миллион доллардын чегинде болду. Бул сумма былтыркы алты айга караганда 164,9 миллион сомго аз.
Каражаттын сыртка агылышы кен казуу ишканаларында, өндүрүштөрдө, геологиялык чалгындоодо, ошондой эле финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу ишканаларында байкалган. Аталган сумманын 49,9 пайызы Түркияга, 33,8 пайызы Кытайга чыгарылган.
Жыл башынан бери өлкөдө канча сомдук продукция өндүрүлгөнү айтылды