Айсулуу дүйнө чемпионатында жарым финалга чыкты. Эми атаандашы ким болот

Жарым финалдык кармаш бүгүн болот.
Sputnik
БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Сербияда өтүп жаткан дүйнө чемпионатында жарым финалга чыкты.
Ал 62 килограмм салмак категориясында намыс талашып жатат.
Биринчи беттеште болгариялык спортчу Биляна Дудованы жеңген. Ал эми чейрек финалда германиялык Луиза Хельга Герда Неймехтен артыкчылык кылды.
Жарым финалда Тыныбекова япон спортчусу Нонока Озаки менен кармашмакчы.
Жарым финал бүгүн Бишкек убактысы менен алганда болжолдуу түрдө саат 20:45те болот.
Жоламан досум чемпиондукка жол ачты. Акжолдун жеңиштен кийинки видеомаеги