Кытай басылмасы: дүйнө Россиянын дараметин баамдабай жатат

Макаланын автору Россия акыркы 200 жылдан бери эң күчтүү жана таасирдүү мамлекеттердин катарына кирерин белгилеп, көбүнө каршы турууга дарамети жетерин кошумчалаган.
Sputnik
БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Дүйнөдө Россиянын экономикасын чабал деп ойлошот, бирок бул мамлекетти башка жагынан карап көрүү керек. Кытайдын The Global Times басылмасына чыккан макалага РИА Новости баам салган.
Материалдын автору Ван Вэнь Кытайда деле көпчүлүк окумуштуулар РФтин экономикасынан күмөн санай турганын айтып, аны чакан провинциянын экономикасына салыштырарын белгилеген. Бирок бул үстүртөн жасалган баалоо.
"СССР кулагандан кийин Россиянын аймагы Канада, Кытай жана АКШдан эки эсе кеңейди. Американын экономикасы Россияныкынан алдыда, бирок Москва Вашингтонго жана Батыш системасына тайманбай каршы турууда. Ошондой эле бул мамлекет XIX кылымдан кийин дүйнөгө таасирин тийгизген искусство, музыка, адабият, саясат, математика, химия, философия, биология, механика, космостук изилдөө жаатында көптөгөн улуу чеберлерди жарата алды. Мындан тышкары, акыркы 800 жылдан бери орустар дээрлик бардык дүйнөлүк державалар менен кармашып келди", — деп жазылат автордун макаласында.
Global Times басылмасы жазгандай, РФ акыркы 200 жылдан бери эң күчтүү жана таасирдүү мамлекеттердин катарында болуп, көбүнө каршы турууга дарамети жетет.
Буга чейин Россиянын Тышкы иштер министрлигинин Азия боюнча биринчи департаментинин директору Георгий Зиновьев Москва менен Пекиндин ортосундагы бардык тармакта, анын ичинде аскердик-саясий жаатта кызматташуусу дүйнөлүк аренада жаңы шарттагы чакырыктарга жооп экенин билдирген.
РФ менен Кытайдан келген коркунучка бирге каршы турабыз. Байден менен Трасс сүйлөштү