Радио

Жусупов: сентябрдын соңунан тарта эт азыктары QR-код менен сатылат

Айыл чарба министрлигине караштуу ветеринардык кызматтын директору Ашырбай Жусупов эт азыктарына QR-код киргизилип жатканын айтты.
Sputnik
Эт сатып аларда эми кардарлар азык тууралуу кенен маалыматка дароо ээ боло алышат. Атайын тиркеменин жардамы менен коюлган QR-коддо эмненин эти, малдын качан союлганы, жашы, алган вакциналары тууралуу маалымат камтылат. Бул тууралуу Ашырбай Жусупов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, тиркемени сентябрь айынын соңунда ишке киргизүү пландаштырылууда.
"Ушул сентябрь айынын соңунда эт, сүт азыктарынын сапатын текшерген тиркемени ишке киргизели деп турабыз. Учурда жумуштар аткарылууда. Ага ылайык, кардарлар телефонуна атайын тиркемени көчүрүп алышы керек болот. Эт аларда анын жанында белгиленген QR-код аркылуу ошол эт тууралуу бардык маалыматты ыкчам ала алат. Азырынча этке, андан соң эт азыктарына киргизилет. Сүттөн жасалган продукциялар кийинки этап менен ишке ашат. Жалпы республика боюнча бул тиркеме иштейт, бирок катуу көзөмөлдү Ош, Бишкек шаарларынан баштайлы деп турабыз", — деди Жусупов.
Ал тиркеме аркылуу дүкөн, базар жана башка бардык жерде сатылып жаткан эт тууралуу маалымат алууга болорун кошумчалады.