Күндүн табы кайтабы? Бир аптага карата Баткен облусундагы аба ырайы

Жума жана ишемби күндөрү абанын температурасы 35 градуска чейин көтөрүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптада Баткен облусундагы аба ырайы кандай болору тууралуу маалымат берди.
12-сентябрда айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Ал эми 13-16-сентябрь күндөрү жаан-чачын болбойт. 17-сентябрда тоолуу райондордо өткүн өтөт, дыйканчылык аймактарда күндүн көзү бузулбайт.
18-сентябрда дагы күн ачык болот.
Жума жана ишемби күндөрү абанын температурасы 35 градуска чейин көтөрүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 12-сентябрда күндүз айрым жерлеринде 15-20 метрге жетиши ыктымал.
Ошто жамгыр жаайбы? Бир жумага карата аба ырайы