Радио

Тиленбаева: шахмат ойногон бала бардык тармакта ийгиликтүү боло алат

Балдардын шахмат борборунун негиздөөчүсү Бактыгүл Тиленбаева учурда шахматта чоң секирик жасалып, кыргызстандыктар эл аралык мелдештерден байгелүү кайта баштаганын айтты.
Sputnik
Коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстанда шахмат боюнча абал жакшы эмес. Бирок шахматка болгон кызыгуу, мектептердин көбөйүшү, атаандаштыктын артышы жакын арада өнүгүшүнө кепилдик берет. Бул тууралуу Бактыгүл Тиленбаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, балдардын шахмат борборун негиздеп, жалпы жонунан 10 миңдей балага шахмат ойногонду үйрөткөн.
"Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан тарта өлкөнүн курама командасында мүчө болуп, бир катар эл аралык мелдештерге катыштым. Жалпы жонунан тогуз ирет Бүткүл дүйнөлүк шахмат олимпиадасына барып, өлкө намысын коргоого аракет көрүп келдим. Мисалы, Олимпиадага биринчи жолу 1992-жылы Филиппиндин борбору Манила шаарында кыздар тобу барып, 15-орунду ээлегенбиз. Дүйнө элдери шахмат спортуна өзгөчө көңүл буруп, мамлекеттик колдоо алып, күчтүү балдарды тарбиялашат. Спорт чебери катары, машыктыруучу, жетекчи катары да бир катар турнирлерге барууга жетиштим. Тажрыйбамды колдонуу максатында балдар шахмат борборун негиздеп, учурда 10 миңден ашык баланы шахмат ойноого үйрөтө алдык. Алардын арасында Азиянын чемпиондору да чыгып, өлкө намысын коргоп келишүүдө. Албетте, анын баары мыкты шахматчы болуп кетпесе да кайсы тармакты тандаса да жардамы тийип келет. Мындан тышкары, шахматтын өнүгүшүнө мамлекет колдоо көрсөтүшү зарыл. Бул жагынан коңшу Казакстан, Өзбекстандан бир топ артта калдык", — деди Тиленбаева.
Ошондой эле адис Кыргыз шахмат союзу жаш шахматчыларды колдоого алып, мыкты машыктыруучуларды топтоого аракет көрүп жатканын кошумчалады.