Президент Жалал-Абадда чек арачыларга жаңы үйдүн ачкычын тапшырды. Сүрөт

Учурда Садыр Жапаров өлкөнүн түштүк аймагында жүрөт.
Sputnik
БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Жалал-Абадга болгон иш сапарынын алкагында УКМКнын Чек ара кызматынын кызматкерлерине жаңы батирлердин ачкычын тапшырганын маалымат кызматы билдирди.
1 / 4

Президент Садыр Жапаров Жалал-Абадга болгон иш сапарынын алкагында УКМКнын Чек ара кызматынын кызматкерлерине жаңы батирлердин ачкычын тапшырганын маалымат кызматы билдирди

2 / 4

Чогулгандардын алдында сүйлөп жатып мамлекет башчысы өлкөдө бюджеттик чөйрөдө иштегендердин эмгек акысы көтөрүлгөнүн эске салып, ошондой эле пенсия өлчөмүн жогорулатуу пландалып жатканын белгиледи

3 / 4

Мамлекет башчысы турак жай курууга республикалык бюджеттен 100 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөнүн белгиледи

4 / 4

Учурда Шамалды-Сай чек ара отрядынын имаратын кайра реконструкциялоо иштери жүргүзүлүп жатат

Чогулгандардын алдында сүйлөп жатып мамлекет башчысы өлкөдө бюджеттик чөйрөдө иштегендердин эмгек акысы көтөрүлгөнүн эске салып, ошондой эле пенсия өлчөмүн жогорулатуу пландалып жатканын белгиледи.
"Ар бир адамдын телегейи тегиз, санаасы тынч болушу үчүн, албетте, үстүндө үйү болушу керек. Жарандарыбыз баш калка үчүн Бишкектин айланасын тегерете канчалаган жерлерге үй салып, жаңы конуштар пайда болду. Ал эми чек арачы — аскер кызматчыларыбыз ар дайым Мекен чегин көздүн карегиндей кайтаруу менен алек болуп, үй салууга чолоосу жок эле", — деди Жапаров.
Мамлекет башчысы турак жай курууга республикалык бюджеттен 100 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөнүн белгиледи.
Учурда Шамалды-Сай чек ара отрядынын имаратын кайра реконструкциялоо иштери жүргүзүлүп жатат. Жеке курамды сапаттуу даярдоо максатында бөлүктүн материалдык-техникалык базасы жакшыртылып, окуу-машыгуу иштери заманбап каражаттар менен камсыздалат.
Мамлекет башчысы ошондой эле учурда Баткен облусунда жайгашкан аскер бөлүктөрүндө кызмат өтөп жаткан аскер кызматкерлеринин айлык маянасын жогорулатуу пландалып жатканын кошумчалады.
"Келечекте Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын бардык жеке курамдарынын маянасын көтөрөбүз", — деди ал.
Иш сапардын алкагында президент эски жатакана имаратын 70 чек арачынын үй-бүлөсү үчүн реконструкциялоо долбоорун көрдү. Имараттын сапаттуу капиталдык оңдоосу жана Чек ара кызматынын кызматкерлерин ыңгайлуу, заманбап батирлер менен камсыздоо үчүн республикалык бюджеттен каражат кароону тапшырды.
Жапаров эмнеге азыр мугалим, дарыгерлерге үй берилбей жатканын айтты. Видео