БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Келерки жумада Жалал-Абад облусунда абанын температурасы 35 градуска чейин көтөрүлөт. Бул туурасында Кыргызгидромет агенттиги билдирди.
Маалыматка караганда, 12-сентябрда айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Андан кийин 13-сентябрдан 16сына чейин жамгыр жаабайт.
17-18-сентябрда тоолуу райондордо өткүн өтөт, дыйканчылык аймактарда күн ачык болот.
Ал эми Жалал-Абад шаарынын өзүндө апта соңуна чейин күндүн көзү бузулбайт.