Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Запорожье АЭСинде акыркы энергоблок токтотулду

Запорожье АЭСи кубаттуулугу боюнча Европадагы эң ири атомдук электр станциясы болуп эсептелет.
Sputnik
БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Запорожье АЭСинде акыркы энергоблок токтотулду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Станциянын алтынчы, тагыраагы, акыркы энергоблогу токтотулуп, учурда аны муздатуу иштери жүрүп жатат", — деп айтылат кабарда.
Ишембиде Запорожье облусунун администрациясынын башкы кеңешинин мүчөсү Владимир Рогов украин бийлиги АЭСтен келген электр энергиясын албайбыз деп бир тараптуу чечим кабыл алганын айткан. Бул атомдук электр станциясынын иштешине көйгөйлөрдү жаратып жаткан эле. Рогов Киев бийлиги мындай жол менен АЭСти толугу менен токтотууга аракет кылып жатканын кошумчалаган. Жергиликтүү бийлик Запорожье атомдук электр станциясынан электр энергиясы токтотулса Украинаны өтө катаал кыш күтөрүн билдирген.
Запорожье АЭСи Днепрдин сол жээгинде, Энергодар шаарына жакын жерде жайгашкан. Бул блоктордун саны жана орнотулган кубаттуулугу боюнча Европадагы эң ири атомдук электр станциясы болуп эсептелет. Атайын операция башталгандан бери аны россиялык аскерлер кайтарып, Украина тарап маал-маалы менен аткылап жаткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
МАГАТЭ миссиясы өз отчетунда Запорожье АЭСин аткылоону токтотууга чакырды