Синоптиктер бул жумада Таласта аба ырайы кандай болорун айтты

Абанын эң жогорку температурасы 30 градуска чейин жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги Талас облусунда бул жумада аба ырайы кандай болору тууралуу маалымат берди.
Синоптиктердин айтымында, 12-16-сентябрда күн ачык болот. Ал эми 17-сентябрда күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, бирок дыйканчылык аймактарда жаабайт. 18-сентябрда күн кайра ачылат.
Абанын эң жогорку температурасы 30 градуска чейин жетет.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 12-сентябрда күндүз айрым жерлеринде 15-20 метрге жетиши ыктымал.
Келерки жумада Нарында аба ырайы кандай болору айтылды