Ноябрда Өзбекстанда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт

Тараптар Нур-Султанда өткөн жыйындын алкагында жолугушкан.
Sputnik
БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Ноябрь айында Өзбекстанда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
1 / 2

Маалыматка ылайык, Нур-Султанда өтүп жаткан КМШга мүчө-мамлекеттердин Маданий кызматташтык кеңешинин жыйынынын алкагында министрдин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу Өзбекстандын маданият министри Муроджон Мажидов менен жолуккан

2 / 2

Мындан тышкары, Эсенгул уулу археология, музей иши, эстеликтерди реставрациялоо жана коргоо тармагында адистерди алмашуу боюнча эки өлкөнүн ортосундагы макулдашууну тааныштырган

Маалыматка ылайык, Нур-Султанда өтүп жаткан КМШга мүчө-мамлекеттердин Маданий кызматташтык кеңешинин жыйынынын алкагында министрдин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу Өзбекстандын маданият министри Муроджон Мажидов менен жолуккан.
"Анда маданият тармагында эки жактуу кызматташтык, ошондой эле Кыргызстандын Өзбекстандагы маданият күндөрүн талкуулашты. Эсенгул уулу аталган иш-чараны өткөрүүдө өзбек тараптын колдоосуна ишеним артты", — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, Эсенгул уулу археология, музей иши, эстеликтерди реставрациялоо жана коргоо тармагында адистерди алмашуу боюнча эки өлкөнүн ортосундагы макулдашууну тааныштырган. Мажидов бул аймактар Өзбекстандын Туризм министрлигинин карамагына берилгени тууралуу айтып, көтөрүлгөн маселе тиешелүү ведомствонун кароосуна да жеткирилерин белгиледи.
Таласта баатыр Чолпонбай Түлөбердиевдин 100 жылдыгы белгиленет. Убактысы