Кыргызстандык Орозали Максудов кунг-фу боюнча дүйнө чемпиону болду

Турнирге 13 өлкөнүн спортчулары катышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Кыргызстандык Орозали Максудов Түркияда өткөн кунг-фу боюнча дүйнө кубогунда чемпион болду. Бул туурасында Кыргызстандын Кунг-фу федерациясы билдирди.
World Kung Fu Cup — 2022 6-9-сентябрь күндөрү Анкара шаарында өткөн. Турнирге 13 өлкөнүн спортчулары катышкан. Кыргызстандын атынан бир гана Максудов барганы белгиленди. Ал 80 килограмм салмак категориясында чыгып Kung Fu Full (Sanda) жана Kung Fu Light (Light Contact) дисциплинасы боюнча катышкан.
Жыйынтыгында Kung Fu Full (Sanda) категориясында биринчи орунду багындырып дүйнө чемпиону аталган. Ал эми Kung Fu Light (Light Contact) дисциплинасынан үчүнчү орунду алган.
Акжол Махмудов дүйнө чемпионатында финалга чыкты. Видео