БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Бишкекте советтик жана дүйнөлүк музыка жылдызы Муслим Магомаевдин 80 жылдыгына арналган концерт өттү.
Иш-чара "Сага ыраазычылык" деп аталып, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында болду. Аны Гуманитардык жана мадиний демилгелер фонду уюштурду.
Концертте Муслим Магомаевдин репертуарындагы белгилүү чыгармаларды Игорь Воронцнов жана КР эл артисти Бакыт Тилегеновдун жетекчилиги астында Бишкек мэриясынын симфониялык оркестри аткарды.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу концерттин маалыматтык өнөктөшү болду.