Москва биржасы кыргыз сому менен соода жүргүзө баштайт

Сом/рубль валюта жубу боюнча бүтүмдөрдү түзүү 10-октябрда башталат деп билдирди Москва биржасынын өкүлү.
Sputnik
БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. 10-октябрдан тарта Москва биржасында Кыргызстандын улуттук валютасы – сом менен соода башталат. Бул тууралуу Москва биржасынын кредиттик эмес уюмдарга сатуу бөлүмүнүн башчысы Даниил Кораблев BCS Live телеканалынын эфиринде айтты.
Маалыматка караганда, ушул күздө соода Россияга дос мамлекеттердин кээ бир башка валюталары менен да башталат. Мисалы, 12-сентябрдан тарта өзбек суму рублге жуп катары эсепке кирет.
"Бул корпорациялар, өндүрүшчүлөр, банктар жана жеке инвесторлор үчүн абдан маанилүү. Азыр бул валюталарга суроо-талап чоң", — деди Кораблев.
Буга чейин Москва биржасы армян драмы жана түштүк африкалык ранд менен соода жүргүзө баштаган.
Евразия экономикалык форуму
Баалуу кагаздарды ЕАЭБ өлкөлөрүнүн биржасында жайгаштыруу пландалууда