БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. АКШнын Борбордук чалгындоо башкармалыгынын (ЦРУ) мурдагы аналитиги Рэй Макговерн БУУ менен МАГАТЭнин Запорожье атомдук электр станциясы боюнча позициясын сындап, украин тараптын "россиялыктар өздөрүнө ок атып жатат" деген сөзүн шылдыңдады. Бул тууралу "Известия" жазды.
Макговерн Шиллер институтунда өткөн "Дүйнөлүк тарыхтагы эң чоң кризистен чыгууга адамзатты кантип шыктандыруу керек" деген темадагы талкууда баяндамачылардын бири болгон.
Экс-аналитик БУУ менен МАГАТЭ АЭСти Украинанын куралдуу күчтөрү тарабынан аткыланганы тууралуу ачык фактыны тааныбай жатат деп айыптады.
"Бул уюмдар АЭС Украина тарабынан аткыланып жатканын моюнга алышпайт. Сириядагы окуяны деле эстеп көрөлү. Батыш президент Башар Асаддын өкмөтүн козголоңчуларга каршы химиялык чабуул жасады деп айыптаган. Бирок маалымат тастыкталган эмес. Кийин чабуул Батыш көзөмөлдөгөн "Ак каскачандар" тарабынан коюлганы аныкталган. Биз муну билебиз. Анткен менен АКШ тарабынан дайындалган адамдар бул тыянактарды өзгөртүштү", — деди адис.
Эске салсак, 8-сентябрда МАГАТЭ Запорожье АЭСине беш күндүк миссиясын аяктады. Сапардын жыйынтыгында жети сунушту камтыган отчет жарыяланды. Негизги сунуш — станциянын айланасында өзөктүк коопсуздук зонасын түзүү жана аткылоону токтотуу. Ошол эле учурда Рафаэль Гросси CNN телеканалына берген маегинде объектини ким аткылап жатканын аныктай албасын айткан.
Өз кезегинде Россиянын президенти Владимир Путин МАГАТЭ жооптуу уюм экенин белгиледи. Ал агенттиктин отчетуна ишенерин, бирок МАГАТЭ АКШ жана Европа өлкөлөрүнүн кысымына кабылып жатканын кошумчалаган.