Радио

Сейитов: "Бир айыл – бир продукт" долбоору 600дөй продукция иштеп чыкты

Экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов "Бир айыл – бир продукт" долбоорунун үчүнчү фазасы ишке ашырылып, алдыда өлкөнүн бардык аймактарын камтый тургандыгын айтты.
Sputnik
"Бир айыл – бир продукт" долбоорунун алкагында 600дөй продукциянын түрү иштелип, алардын айрымдары аймактык брендге ээ болду. Бул тууралуу Чоро Сейитов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кыргыз өкмөтү аталган долбоорду колдоого алып, элеттеги ишкердикти өнүктүрүүнү көздөйт.
"Бир айыл – бир продукт" долбоору 2007-жылдан бери Экономика жана коммерция министрлиги менен Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) тарабынан ишке ашырылып келет. Учурда долбоордун үчүнчү фазасы ишке ашырылып, жалпы жонунан 600дөй продукциянын түрү жасалды. Алгач ири долбоор Ысык-Көл облусунан башталып, Талас, Нарын облустарын камтыган. Алдыда республиканын бардык аймагында жүзөгө ашыруу пландары бар. Анда экологиялык таза азыктар, кол өнөрчүлөрдүн эмгектери иштелип чыгып, эл аралык стандарттагы укук менен сатыкка чыгат. Мисалы, Нарын облусунун аймагында өндүрүлгөн 10 азык-түлүккө "Нарын бренд" макамы ыйгарылды. Мындай кадам элеттеги ишкердикти көтөрүп, жумушсуздукту жоюп, айылдын өнүгүшүнө салым кошот", — деди Сейитов.
Ошондой эле адис долбоордун алкагында өндүрүлгөн продукциялардын маркетингин, менеджментин эл аралык топ колго алганын кошумчалады.