12-сентябрга карата аба ырайы

12-сентябрда республика аймагында аба ырайы кескин өзгөрөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Дүйшөмбүдө өлкө боюнча көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаап, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Нарын облустарында +20…+25, Таласта +17…+22, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +21…+26, Ысык-Көл өрөөнүндө +18…+23, Нарын жеринде +23…+28 градусту көрсөтөт.
Күндүн табы Бишкекте +23…+25, Ош шаарында +24…+26 градус болот.
Күн салкындайбы? Бир жумага карата аба ырайы