Сирияда террордук топтун башчысы жок кылынды, ал Кыргызстанда төрөлгөн

Сирожиддин Муктаровду 2016-жылы Бишкектеги Кытай элчилигине болгон жардыруунун координатору деп аташкан.
Sputnik
БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Аскердик-космостук күчтөр Идлибдеги (Сирия) согушкерлердин лагерине сокку уруп, "Катиба Таухид"* террордук тобунун башчысы жок кылынды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Сирияда согушкан тараптарды элдештирүү боюнча россиялык борбордун жетекчисинин орун басары Олег Егоровдун айтымында, кеп Абу Салох каймана аты бар Мухтаров Сирожиддин Зиявутдинович тууралуу болууда.
Ал Сириядагы өкмөттүк күчтөргө жана жарандык инфраструктурага террордук чабуулдарды уюштурууга катыштыгы бар экени айтылат.
КМШ өлкөлөрүнүн Антитеррордук борборунун маалыматы боюнча, Абу Салох Ош облусунун Кара-Суу районунда туулган. Аталган борбор террорчуну 2016-жылы Бишкектеги Кытай элчилигине болгон жардыруунун координатору деп атаган. Анда жанкечти автоунаасы менен дипломатиялык өкүлчүлүктүн дарбазасын сүзүп, андан кийин өзү түшкөн автокөлүктү жардырып жиберген.
2017-жылы УКМК Мухтаровдун Кыргызстанга терракт уюштуруу үчүн согушкерлерди жибергенин билдирип, анын аракеттерине бөгөт койгон.
* Россияда жана бир нече мамлекетте тыюу салынган топ.
Кыргызстан: Россиянын Кабулдагы элчилигинде жасалган терактыны айыптайбыз